Нурлан Бекишов, жабырлануучу: "7-апрелде милиция кызматкерлери элге ок чыгарышты"
2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто жабырлануучу Нурлан Бекишов аттуу жаран мындай маалымат берди. “Бул күнү саат 12:30да жездем экөөбүз "Ала-Тоо" аянтына келдик. Ал убакта атышуу болуп жаткан эле. Эл ары-бери чурулдап качып жаткан. Бир маалда БТР келип, ок атышуу андан да күчөдү. Мен ал учурда азыркы “Манас” эстелигинин жанында турганмын. Ал эми ок Ак үйдөн чыгып жатты. Анда формачан милиция кызматкерлери эл ок чыгарып жатышты”. Жабырлануучуларды суроо улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.