super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттө 1916-жылкы Үркүн окуясынын 100 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү иштери талкууланды

 

Өкмөттө бүгүн, 3-июлда 1916-жылдагы каргашалуу окуянын (Үркүн) 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Премьер-министр Темир Сариев окуянын 100 жылдыгына даярдык көрүү иштери өз убагында бүтүшү зарылдыгын белгилеп: “1916-жылдагы окуялар тарыхыбыздагы кайгылуу окуя гана эмес, кыргыз элинин эркиндикке умтулуу күрөшү катары бааланышы керек. Учурда биздин астыбызда жарандык, урпактык милдет турат. Биз каргалашуу окуялардын 100 жылдыгын татыктуу эскерүү менен бул милдетти аткарышыбыз зарыл”,- деп билдирди. 

Жыйында аталган иш-чараны өткөрүү боюнча мамлекеттик органдар, өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрүнө өз алдынча иш план иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бишкек шаардык мэриясы менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 1916-жылдагы окуянын курмандыктарына арналып Бишкекте тургузулчу эстелик боюнча ишти тездетүү милдети жүктөлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: