Активист: "Унаанын номурларын чечип алган жигитти милиция жакынкы күндөрү табарын айтты"
Активисттердин автоунаасынын мамлекеттик номурларын жулуп салган жигит интернетте "Дрыщ" деген каймана атка ээ болду.


Активисттердин автоунаасынын мамлекеттик номурларын жулуп салган жигит интернетте "Дрыщ" деген каймана атка ээ болду.

Активисттердин автоунаасынын мамлекеттик номурларын жулуп салган "Дрыщтын" досу Азирет А. өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн кызматкеринин уулу экени айтылууда.
Коомдук активисттердин артынан кууп, автоунаанын мамлекеттик номурларын чечип алган адамды издеп табууну милиция кызматкерлери убадалашты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда активисттердин бири Болот Ибрагимов интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялады.
Анын айтымында, ал бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин издөө бөлүмүнүн кызматкери менен жолугушат. Мындан тышкары ал унаанын номурларын жулуп салган жигиттин досу Азирет А. өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн кызматкеринин уулу экенин баса белгиледи.
Айта кетсек, Бишкекте жол-кайгуул кызматкерлери айдоочудан 5 миң сом акча талап кылышып, бербей койгондон кийин артынан кууп барышып автоунаасынын мамлекеттик номурун чечип алышканы тууралуу видео 30-июнда интернет айдыңына тараган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, жарандар активисттерге колдоо көрсөтүүнү айтышууда. Ал эми активисттерге керсейген, аларды сөгүп, автоунаанын номурларын чечип алган жигитке интернет колдонуучулар "Дрыщ" ("тыржыйган адам" - ред.) деген каймана атты коюшту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Бул жерде куноонун баары биринчиден айдоочуда
Кандай адам экени корунуп турат бир соз менен айтканда эркек эмес экен тыржыйып бир ударга туруштук бере албайтар