super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр чет өлкөлүк фермерге кол салууну териштирүүнү тапшырды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев өлкөдөгү маалымат каражаттарына жарыяланган Чүй облусундагы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы Улуу Британиядан келген фермерге кол салууга байланыштуу чырды иликтөө тапшырмасын берди.

Премьер-министр өкмөт инвесторлордун коопсуздугун жана укугун коргоо боюнча бардык аракеттерди көрүп жаткан учурда мындай окуялардын орун алышы кыргыз жериндеги инвестициялык климатка терс таасирин тийгизерин белгиледи. Буга байланыштуу ички иштер министрине аталган окуяны териштирип, жыйынтыгы боюнча коомчулукка кабардар кылууну тапшырды.

Буга чейин маалымат каражаттары британиялык фермер Кызыл-Туу айылында кароосуз жерди малина талаасына айланткандан кийин жергиликтүүлөр талаша баштаганын жана белгисиз бирөөлөр кол салып кетишкенин жазып чыгышкан эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: