Мексикадагы шаар мэри балык уулоо жемиштүү болуш үчүн крокодилге экинчи ирет үйлөндү

Мексикадагы Сан Педро Уамелула шаарынын мэри балык уулоо жемиштүү болуш үчүн крокодилге экинчи ирет үйлөндү. Бул тууралуу 3-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Тойдо крокодилге үлпөт көйнөгүн кийгизип, оозун байлап коюшкан. Бардык ырым-жырымдар бүткөндөн кийин крокодилди кармаган көлмөгө кайра коё беришкен. Эми шаар тургундары балыкчыларга ийгилик келип, балык уулоо жемиштүү болот деп үмүттөнүшүүдө.
Саамалык шаарды өнүктүрүүгө багытталган. Ыр, бий, фейерверктер менен коштолгон мэрдин тою жашоочулар чогулткан каражаттын эсебинен өткөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

туптуура айтасын
tuura aitasyn
биринен бирин отуп боорду эзесинерда
жыргайбызго сраз эле мамлекетибиз онугуп кетсе я