Бишкекти көрктөндүрүү эрежелерин бузган дүкөндүн ээсине протокол түзүлдү



Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Чүй кең көчөсү-127 дарегинде жайгашкан мурдагы “Столичный” дүкөнү таштандыларды баш аламан таштагандыгы аныкталды. Бул тууралуу 3-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жер антисанитардык абалга жетип, таштанды чыгаруу үчүн “Тазалык” ишканасы менен келишим түзгөн эмес. Ошондой эле санитардык нормалар сакталбай, шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулган.
Жыйынтыгында дүкөн ээси И.Шинин атына протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.