super.kg logo

Ошто шаар тургундарын сергек жашоого үндөгөн иш-чара өттү

 

Ош шаарынын борбордук аянтында 4-июль күнү Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамынын урматына “Биз сергек жашоо үчүн” аттуу ураандын алкагында ден соолукту чыңдоочу спорттук иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Ош шаардык саламаттык сактоо координатору Абдилатип Шамшиев, шаардагы саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышышты.

Ильичбек Эргешов спорт ден соолуктун булагы эле болбостон, тынчтыктын жарчысы, ынтымактын, достуктун данакери экенин айтып, баарын сергек жашоого көңүл бурууга үндөдү. Иш-чара элди сергек жашоого үндөп, спортту чыңдоо максатында өткөрүлдү. Анын негизинде катышуучулар кыргыз бийин шаңдуу бийлешип, ар түрдүү ден соолукту чыңдоочу спорттук көнүгүүлөрдү жасашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: