super.kg logo
  Саясат  

Кара-Суу районунда билим кербени старт алат

 

Бүгүн, 26-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда билим кербени старт алат. Анын алкагында эксперттер, өкмөттүн жана ЖКнын өкүлдөрү жергиликтүү калк менен жолугушуп, мектепке чейинки сапаттуу билимге болгон мүмкүнчүлүк, мектеп жашына чейинки куракта китеп окуунун мааниси, аялдардын ден соолугу жана айыл жаштарынын адистикти туура тандоо менен байланышкан көйгөйлөрү талкууланат. Билим кербенин «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФ менен биргеликте уюштурууда. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирет. “Кыргызстанда мектепке чейинки билим алуу маселесин тез арада ылдамдык менен чечүү абзел. Учурда мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгү менен балдардын 14 пайызы гана камтылган. Балдарыбыздын эрте өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп мектеп жашына чейинки куракта китеп окууну кеңири жайылтуу жана ата-энелердин, жергиликтүү коомчулуктун аракети менен китепканаларды колдоо, бала бакчаларды ачуу жана кыска мөөнөттүү мектепке даярдоо топторун түзүү керек”,- деп жазылат билдирүүдө.Бул билим кербени Өзгөн, Араван райондорунда жана

Кызыл-Кыя шаарында улантылат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: