super.kg logo

Баткенде медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков облустун медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 4-июлда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттыкты сактоо системинин кызматкерлери, облустук мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен биргеликте “Биз сергек жашоо үчүн” деген ураан менен акция өткөрүлдү.

Облустук драма театрында майрамга арналган салтанат уюштурулду. Расмий бөлүгүндө Ж.Разаков куттуктоо сөз сүйлөп, учурда саламаттыкты сактоо тармагында реалдуу реформалар ишке ашып жатканын, анын ичинде калкка жогорку технологиялуу, жеткиликтүү жана өз учурунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштери жүргөнүн баса белгилеп кетти. 

Ардак грамота менен облустун калкынын саламаттыгын сактоого кошкон зор салымы үчүн мыкты кызматкерлер сыйланышты. “Баткен облусуна 15 жыл” төш белгиси менен Баткен облустук бириккен ооруканасынын директору Тургунбай Айжигитов сыйланды.

Салтанаттын жүрүшүндө белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө облуста медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, ФАП жана аймактык ооруканалар курулууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.07.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы!өнүксө экен Баткеним....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: