Шашылыш билдирүү! 5-июлда аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге чейин жетиши мүмкүн

2-4-июль күндөрү болгон +41°C ысыктан кийин эртең, 5-июлда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинен билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жетет.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 5-июлдан 7-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

шамаалы коркунучтуу
болуп атпайбы.25-30 метр
секунтасына шамаалдын
ылдамдыгы болсо,
уйлордун чатырын бузуп
кетиши мумкун да.
Кудай эле сактасын.