super.kg logo

23-25-июль күндөрү Чолпон-Атада “Мейкин Азия” II Эл аралык сынагы өтөт

 
23-25-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде “Мейкин Азия” II Эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Белгилүү болгондой, фестивалда Орусия, Кытай, Түркия, Болгария, Бахрейн, Литва, Македония, Румыния жана башка чет өлкөлөрдүн эң мыкты музыка аткаруучулары вокал чеберчилиги боюнча ат салышат. Популярдуу музыка аткаруучулар арасындагы сынактын байге фонду – 1 000 000 сом. 
Фестивалдын максаты - маданиятты өнүктүрүү, таланттуу аткаруучуларга колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасын туристтик аймакка айландыруу болуп саналат. Сынакта ар кайсы мамлекеттен келген катышуучулар өз тилинде бир ыр жана дүйнө жүзүндө хитке айланган ырдан бирди аткаруусу керек. Ага 17 жаштан 35 жашка чейинки ырчылар катыша алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: