super.kg logo
  Саясат  

Үч эм төрөгөн энеге Дамира Ниязалиева өкмөттүн атынан 200 миң сом тапшырды

 
Бир ай мурун үч эмди жарыкка алып келген Бактыгүл Камчыбек кызына вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өкмөттүн атынан 200 миң сом тапшырды. Бул тууралуу 4-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектеги Адистештирилген балдар үйүнүн материалдык-техникалык базасын текшерген вице-премьер-министр үч наристеси менен аталган мекемеде жашап жаткан эненин шартын көрдү. Ошондой эле жаш энеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү керектигин кызматкерлерге эскертти. 

Айта кетсек, буга чейин ал Бишкекте үйү жок экенин айтып, өкмөттөн жардам сурап кайрылган. Мындан улам Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун наристелердин патология бөлүмүндө убактылуу күн кечирип турган. Кийинчерээк борбордогу Адистештирилген балдар үйүнө чыгарылган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: