Чаткалда 20-21 жаштагы балдар арасындагы массалык мушташта 8 бала бычакталганы айтылууда
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 20-21 жаштагы балдар арасындагы массалык мушташта 8 бала бычакталганы айтылууда. Бул тууралуу 6-июлда SUPER.KG порталына аталган райондон окурман билдирди.
Маалыматка караганда, 5-июлга караган түнү Чаткал районунда 1994-1995-жылдары туулган балдардын ортосунда пикир келишпестиктен улам уруш чыккан. Уруш 1994-жылкы бир баланы өзүнөн бир жаш кичүү балдар күндүз токмоктоп кетишкенинен улам башталган.
Сабалган баланын теңтуштары токмоктогон баланын досторуна кечинде жолугушуу убактысын белгилешкен. Кечинде эки тарап болуп мушташып, анда 21 жаштагы 8 балага бычак сайышкан. Алардын экөөсү оор жаракат алып Жалал-Абаддагы ооруканага жеткирилген. Биринин моюнуна бычак сайылса, экинчисине 8 жолу бычак сайылганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
1

болунсон боору жеп кетет.
Болунуп жатат кыргыз деп,
болок элге кеп этет.
Урушпагылачы туугандар сураныч.
Толук маалымат алуу үчүн редакция расмий өкүлдөргө байланышууда.
9 да Чаткал районунун
Айгыржал айылында болгон
окуя.Чаткал районунун
орган кызматкерлеринин
айылдарда рейит жургузуп
турбаганы,ушуга окшогон
терс корунуштор кобойо
баштаганы корсотуп турат.