super.kg logo

Алайда жол кырсыгынан кытайлык жаран каза болуп, Кадамжайдын тургуну жаракат алды

 

Алай районунда Ош - Эркеч-Там унаа жолунун 68-чакырымында 4-июль күнү жол кырсыгы катталды. Анда жүк көтөргүч автоунаасынын (мамлекеттик номери КGDН 01-77) айдоочусу рулду башкара албай калып сайга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу, кытай улутундагы жаран, Хенан провинциясында 1976-жылдын 4-декабрында туулган Ли Жин Щи окуя болгон жерден жан берген. Ал эми жүргүнчүсү, Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылында 1963-жылы туулган Келдибек Садиков башынан жаракат алып, бети-колу сыйрылган. Ал Алай райондук ооруканасына "Тез жардам" аркылуу жеткирилген. Куткаруучулар каза болгон кытайлык жаранды автоунаадан алып чыгып, аймактык оорукананын өлүкканасына жеткиришкен.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.07.2015. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин аяшатамго. Оо кудай ыйык рамазан айында шыпасын берип жакшы болуп калсын.
06.07.2015. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каза болгон адамдын жаткан жери жайлуу болсун! Жараланган жердешибиз тезирээк айыгып кетсин.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-06 13:33:14
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: