super.kg logo

Жалал-Абад облусундагы балдар үйүндө тарбияланган 50дөй бала Ысык-Көлдө эс алды

 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен облус райондорундагы түрдүү социалдык абалдагы балдар үйүнөн алынган 50дөй бала "Менин мекеним - Кыргызстан" долбоорунун алкагында Ысык-Көлдө 5 күн эс алды. Бул аракет өспүрүмдөрдүн мекен таанымын жогорулатуу үчүн жасалып жатканын 6-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар менен кошо коопсуздук көзөмөлүн, уюштуруучулук жагын камсыздоо үчүн милиция, билим берүү, медицина жана Социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери коштоп жүрүштү. Алар алгач Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк лицейинин жатаканасында эс алышып, эртеси Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ИИМдин алдындагы "Дзержинск" лагеринде болушту. Эс алууга чыккан өспүрүмдөр Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көл облусундагы музейлерди кыдырышып, эс алуу жайларында болушту. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: