Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Бишкекке келет

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 12-июлда кыргыз жергесине расмий иш сапары менен келет. Индиянын өкмөт башчысы Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана премьер-министр Темир Сариев менен жолугушмакчы.
Автор: Автандил Добулбеков
Эки тараптуу жолугушууларда кыргыз өлкөсү менен Индиянын соода, аймактык коопсуздукту бекемдөө, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуусу жана саясий диалогду өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөрүн бүгүн, 6-июлда Тышкы иштер министрлиги билдирди. Коргонуу, маданият, метрология жана стандартташтыруу, шайлоолорду өткөрүү жаатында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Индиялык жетекчи Бишкек шаарында Махатма Гандинин эстелигинин ачылышына жана Коргоо министрлигинин госпиталдарынын бирине медициналык жабдууларды тапшыруу аземине катышары да айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

