super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: “Кыргыз Республикасында 300 миң үй-бүлө үйү жоктордун катарында”

 

“Ата Мекен” социалисттик партиясы социалдык маселелерге такай кайрылып келе жаткандыгы Ош шаарында болуп өткөн конференцияда баса белгиленди. Өлкө аймагындагы көйгөйлүү маселелердин бири - турак жай маселеси курч турат. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев: “Кыргыз Республикасында 300 миң үй-бүлө үйсүз, жадакалса өлкөдө турак жай боюнча мамлекеттик программа дагы жок. Мындай чечүүнү талап кылган маселелер “Ата Мекен” партиясынын учурда алдыга койгон милдеттеринин бири”,- деди. 

Ошондой эле партия лидери Ош шаарынын кечээки, бүгүнкүсүнө кайрылып, шаардын адам укугун сактаган, улуттар биримдигин чыңдаган, заманбап экинчи борбор болушуна “Ата Мекен” партиясынын буга чейин салым кошуп келгенин жана мындан ары дагы мыкты аракеттерди көрүшүнө ишеним билдирди.    

Конференциянын жүрүшүндө "Улуттар биримдиги" элдик партиясынын Ош шаардык кеңешинин фракция жетекчиси, генерал Рыспек Мырзаматов куттуктоо сөзүн сүйлөп, конференциянын катышуучуларын жана шаар тургундарын "Улуттар биримдиги" элдик партиясынын төрагасы Мелисбек Мырзакматовдун кайрылуусу менен тааныштырды. Кайрылууда "Улуттар биримдиги" партиясы менен "Ата Мекен" партиясы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу кол коюунун негизги себептери айтылган. Иш-чарада партиянын мүчөлөрү дагы өлкөнүн саясий, экономикалык жана социалдык тармактары боюнча ойлорун ортого салып, айрымдары өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.

 

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.07.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
300 мин уй булоо официальный болсо керек.андан да коп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: