Жабырлануучу: "Оштон Москвага учуучу 29 адамды алдаган авиаагенттик акчабызды кайтарып бербей жатат"



Ош шаарында жайгашкан "Авиасервис" агенттиги Оштон Москвага учуучу 29 адамды алдап, айрымдарынын акчасын бүгүнкү күнгө чейин бербей жатат. Бул тууралуу Ош облусунун Ноокат районунун Алина (жабырлануучунун карындашы) аттуу тургуну бүгүн, 6-июлда билдирди. Эскерте кетсек, жакында жараксыз авиабилеттердин айынан 29 жаран Оштун аэропортунан Москва шаарына уча албай калышканын SUPER.KG`нин окурманы "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган эле.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Жабырлануучу буларды айтат: "Билет алайын деп авиакассаларды кыдырып жүрсөм, бир эже "Билет аласыңбы?" деп сурап калды. "Ооба" деп ичкериге кирсем, кардарлар көп экен. Кезегим жеткенде кирип сурасам, билет баасы башкаларга салыштырмалуу арзан экен. 11 800 сомго бир билет алдым. Дагы билет керек болуп калгандыктан, эртеси телефон чалып брондоп, ушул эле баага бир билет алдым. Арзан билет алганымды уккан досторум тааныштарына билет алыш үчүн акча которуп, дагы 3 билет алдым. Акыркы үч билетти бир аз кымбатыраак, 13 800 сомдон алдым. Ошентип, уча турган күн келип, аэропортко баратканда саат түнкү төрттө белгисиз бирөө чалды, "силердин рейсиңер алмашып кетиптир, билетти алмаштырып берем, эртең учасыңар" деп. Саат 10го билеттерди алып келип бермек болгон, келбеди. Авиакассага барсак жабык экен, милицияга барсак, бизге билет саткан кыз ошол жерде экен, кармап кетишиптир. Жасалма билеттердин айынан бизден бир күн мурун 15тей адам учпай калганы белгилүү болду.
Бизге окшоп алдангандар 20дай бар экен, алар арыз жазышып, артынан жүрүштү. Мен алардын адвокаты менен сүйлөшсөм, "арызды жазбай эле кой, арызсыз эле алып берем" деди. Артынан чуркап жүрүп 30 миңин араң алдым, калган 35 миңин бүгүнкүгө чейин бере элек. Тааныштарга билет менен телефон номурумду таштап, "акчамды алып койгула" деп Москвага келе бергем".
Окуя боюнча аталган агенттикке кайрылганда атын айтуудан баш тарткан айым: "Билети туура эмес болуп чыккан жарандардын баарынын акчалары кайтарылып берилген. Эмнеге мындай болуп калганын айта албайм",- деп кыска жооп берип, телефонун өчүрүүгө шашты.
Ички иштер министрлигинин Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Ашырбаевдин билдиришинче, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон эмес. "Билеттен алданып калганын айтып 8 адам милицияга арыз жазган. Бирок авиаагенттик билеттеринин акчасын кайтарып бергенден кийин баары тосмо арыз жазып беришип, окуя боюнча кылмыш иши козголгон эмес",- деп билдирди Ашырбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Akkaynt

06.07.2015. 17:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген заман болуп жатат
boston___

06.07.2015. 21:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдер мурда аэрапортто черный спискадамынбы же жокпу деп ойлонушуп барса эми белетида кошумча болоткенда алдап саттыбы деп камаш керек башкаларга савак болот
jazgul80

07.07.2015. 11:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boston___,.туура айтасын алдамчылык жол менен камаш керек болчу. Милицияга акча бергенда.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.