super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Пан Ги Мун Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүк кылган, адам укугун сыйлаган саясий систем түзүлгөнүн айтты”

 

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында 4-июлда “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Ош шаардык конференциясы өттү. Иш-чарада өлкөдөгү саясий абал, мыйзамдуулук, экономика тууралуу бир катар маселелер көтөрүлдү. 

Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, “Ата Мекен” партиясы мамлекет алдында, тарых жана келечек муундардын алдында өзүнө тагылган милдетти чоң жоопкерчилик менен аткарып келе жатканын айтты. 

“Жакында Кыргыз Республикасына БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун келип, кыргыз жеринде атаандаштыкка негизделген, мыйзам үстөмдүк кылган, адам укугун сыйлаган саясий систем түзүлгөнүн, парламенттик-демократиялык реформа калыптанганын белгиледи. Бул системди калыпка салууда “Ата Мекен” партиясынын жана сиздердин салымыңыздар чоң”,- деди Өмүрбек Текебаев.  

Европа өлкөлөрү кыргыз өлкөсүн эркиндикти сүйгөн, адам укугун урматтаган, Орто Азияда алгачкылардан болуп парламенттик республика түзүп дүйнөгө таанылган мамлекет катары тааный тургандыгы белгилүү. “Ата Мекен” партиясынын лидери белгилегендей, мындай сыймыктуу иштердин башында аталган партия турат.

Египетти, Сирияны, Ливияны, Украинаны мисал кылган Өмүрбек Текебаев кыргыз өлкөсүндө акыркы беш жылда болуп өткөн саясий жана тарыхый окуяларга да токтолуп, улуттар ынтымагын бекемдеп, өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык реформалардын жыйынтыктуу болушуна, бийликти мыйзамдаштыруунун кыска убакытта ишке ашышына “Ата Мекен” социалисттик партиясынын салымы зор экендигин айтты. Казакстан менен Өзбекстан мамлекеттери учурда парламентаризмге багыт алып, мамлекетибиз тандаган жолду басып өтүүгө бел байлашы “Ата Мекен” партиясынын коңшулар үчүн дагы тарыхый жол салып бергендиги экендигин сыймыктануу менен айтууга болорун кошумчалады.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.07.2015. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темасын эле окудум экоо тен менин кулкуму келтирбесин.
08.07.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asilkg,Тушунбогон адамдын кулкусу келет. Маани берген адам Пан Ге Мундун айтканынан жыйынтык чыгарат досум. Озбекстанга барып ушинтип интернеттен чыгып кор (интернет барбы десен)эртеси ата-энен таппац калат. Пан Ге Мун силерде адамдарды кордоо, куугунтуктоо дээрлик жокко эсе, демократия кулачын жайып жатат дегенди айтып жатат тушунсон. Текебаев ошого кубанып анын кебир мисалга тартып жатат.
07.07.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнени кыйратып сыймыктанып мактанып журот озу булар шайлоого жакындап жататта е лагмандарын дагы элдин кулагына илип башташат эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: