super.kg logo

Мелис Мырзакматов: "Мени кыйын кырдаалда жалгыз "Ата Мекен" партиясы колдоп турду"

 

Ош шаарынын мурунку мэри, "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов алдыдагы парламенттик шайлоодо эмне үчүн "Ата Мекен" партиясын колдой турганын айтып кайрылуу жасады. Кайрылуу 4-июлда "Ата Мекен" партиясынын Ош шаардык конференциясында окулуп, коомчулукка жарыяланды. Мырзакматов өз кайрылуусунда буларды айтат: 

"Урматтуу конференциянын катышуучулары!

"Ата Мекен" социалисттик партиясынын бардык мүчөлөрүн партиянын бүгүнкү Ош шаардык конференциясынын ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жалпы журтка жакшы маалым, жакында "Улуттар биримдиги" элдик партиясы менен "Ата Мекен" социалисттик партиясы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол койду. Эмне үчүн биз мындай кадамга бардык? Мен "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери катары саясий уюмдун миңдеген мүчөлөрүнө, биздин идея менен көз карашыбызды колдогон он миңдеген тарапкерлерибизге жана республикадагы жалпы шайлоочуларга ачык жана так жооп бергим келет.

Биринчиден, "Ата Мекен" партиясы мамлекетибизде алгачкы уюшулган тажрыйбалуу партиялардын бири болуп эсептелет. Ал 1992-жылы 7-ноябрда түзүлгөн күндөн баштап өлкөдөгү демократиялык процесстердин алдыга жылышы, адам укугу жана басма сөз эркиндигинин сакталышы үчүн талыкпай күрөш жүргүздү. Партия чейрек кылымдык тарыхында саясий күрөштө такшалып, адилеттик жана акыйкат үчүн башкаруучу режим менен тайманбай тирешип келгени маалым.

Экинчиден, "Ата Мекен" түзүлгөн күндөн тарта өз идеясы жана саясий принциптери үчүн күрөшкөн өлкөдөгү бирден-бир авангарддык саясий уюм экени анык. Партия өлкөбүздөгү социалисттик идеологиянын түзүүчүсү боло алды. Ал социалдык катмарга багытталган рынок экономикасын куруу боюнча өз жолун тандап алды. Асыресе, социалисттер экономикалык радикализмге каршы туруп, мамлекеттеги социалдык акыйкаттык, теңчилик жана экономикалык демократия үчүн күрөшүп келүүдө. Ошол үчүн партия жаратылыш байлыктары жеке инсандарга, үй-бүлөгө же кайсы бир кланга эмес, жалпы элге кызмат кылсын деген принципке таянып иш кылат. Кечээги алардын бул позициясы "Кумтөрдөгү" мөңгүлөрдү сактоо боюнча күрөштө таасын көрүндү.

Үчүнчүдөн, бүгүн бийлик "Улуттар биримдиги" элдик партиясынын мүчөлөрүнө жана жеке мага саясий куугунтук жүргүзүп жатканда жалгыз "ата мекенчилер" акыйкат сөзүн айтуудан айбыкпай, эч кимден коркпой, бизге өнөктөштүк колун созо билди. Себеби акыйкат тебеленип, чындык чыркырап жатканда өжөрлөр менен күжүрмөндөр гана жалпы агымга каршы тура аларын "Ата Мекен" партиясы конкреттүү иши менен далилдейт. Бул партия 2005 жана 2010-жылкы элдик күрөштүн башында туруп, саясий кармашта өзүнүн өжөрлүгүн көрсөтө алды.

Төртүнчүдөн, Ош шаардык кеңешиндеги "Улуттар биримдиги" депутаттык фракциясы илгери үмүт, аруу тилек менен баштаган эстакадалык көпүрөнүн курулушунан бийлик кыйкым издеп, жасалма кылмыш ишин ачып жатканда башкаруучу коалициянын ичинен жалгыз "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул курулуш түштүк борборуна абадай зарыл экенин айтып чыкты. Эстакадалык көпүрө ордолуу Ош үчүн экономикалык гана эмес, саясий да чоң мааниге ээ экендигин турмуш далилдеп отурат. Демек, биз баштаган асыл иштер баары бир турмушка ашарына мен терең ишенем.

Бешинчиден, мамлекетибиз келечекте кайсы тарапка багыт алып өнүгөт: демократиягабы же кайрадан авторитардык башкаруугабы деген собол бүгүн күн тартибинде турганда биздин "Улуттар биримдиги" партиясы, албетте, акыйкаттык, теңдик жана эркиндик деген баалуу принциптерге таянат. Адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жүргөн менин партиялаштарым бул жаатта "Ата Мекен" партиясы бизге ишенимдүү пикирлеш, оор кырдаалда жөлөк болгон өнөктөш боло алат деген чечимге келишти.

Алтынчыдан, "Ата Мекен" партиясы Кыргыз Республикасындагы жаңы саясий системдин туруктуу концепциясын сунуштап, аны иш жүзүнө ашырууга аракет жасоодо. Анын башкы өзөгүн таза шайлоого негизделген саясий атаандаштык түзөт. Мамлекеттик бийлик саясий оппоненттерин негизсиз куугунтуктаган, авторитардык башкарууга жол бербеши керек.

Биз өз башыбыздан кыйын кырдаалды кечирип жаткан саясий уюм катары өлкөдө коррупция менен трайбализмге, уруучулук менен үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт койгон мамлекеттик бийлик болушу үчүн күрөшөбүз. Ошон үчүн биз таза, эл ишенимине ээ болгон профессионал кадрларды тартуу менен өлкөбүздү жана экономикабызды оңдойбуз. Фундаменталдуу бул маселелерде "Ата Мекен" социалисттик партиясы менен "Улуттар биримдиги" элдик партиясынын пикири жана багыты бир.

Жетинчиден, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, улуттардын биримдигин, саясий стабилдүүлүктү сактоого, өлкөдө мыйзам менен адилеттүүлүктүн орношуна "Ата Мекен" жана "Улуттар биримдиги" партиялары бардык күчүн жумшайт. Өзгөчө элди терең түйшөлткөн мамлекеттик бийликтин тазалыгы жана мыйзамдуулуктун сакталышына бирдиктүү аракеттенүүбүз зарыл. Ошондуктан биз ушул жети принципти туу тутуп, тарых алдындагы жоопкерчиликти сезе билип, парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясын колдоону жана аны менен чогуу шайлоого катышууну чечтик. Биздин бул кадам элдин аруу-тилек, ой-мүдөөсүнөн жаралган жоопкерчиликтүү чечим. Келечекте "Улуттар биримдиги" жана "Ата Мекен" партиялары Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого, калкыбыздын улуттук биримдигин бекемдөөгө өзүнүн татыктуу салымын кошот деп ишенем".


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(47)
06.07.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
но коментко бул жагы:(
06.07.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ата Мекен кузгу шайлоодо туштук жергесинен башка атаандаштарынан кобуроок добуш беруу учун Мырзакматовго оздору барды деп ойлойм. Эгер чынында Мырзакматов Ата Мекен менен бирге шайлоого барса копчулук шайлоочу Ата Мекенге эмес Мырзакматов учун добуш беришет.
06.07.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
windom, мумкун шайлоо себеп эместир ата мекен ушунча жылдан бери отуп келген дагы ото берет, оз орду колдоочулары коп болсо крек.чындык учун бирге иштешкендери ырас болсун!
06.07.2015. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
windom, Сургундо жургон адамга бир кучтуу партиянын куну тушуп калды дейсинби.Ата Мекен учун добуш алып бергенди кой,Мырзакматовко бийлик шайлоого катышууга укук берерин бир кудай билет
06.07.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
windom, бир аз ойлонуп анан жазчы,жаш баладай ойлонбой.
06.07.2015. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата Мекен партиясы эч качан шайлоочулардын добушу учун иштебейт, Ата Мекен элдин камын ойлогон, оз принцибинен тайбай, туруктуулугун 25 жылдан бери корсотуп келген Кыргызстандагы жалгыз партия
06.07.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ата-Мекендин дагы көптөгөн шайлоочулары бар. Текебаев кыраакы киши, Мырзакматовдун кыргыз элине күйгөн, бычака сап болор жигит экенин байкап колдоо көрсөтүп жаткандыр.
06.07.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясат ишенимдуу нерсе эмес
07.07.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bazarkyl, Туура айтазсыз саяасат ишенимдүү эмес экенин биз турмушубузда көрдүк го. Кыскача сөз менен айтканда Карга карганын көзүн чукубайт да
06.07.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мелис кайрадан Ош шаарынын мэри болсо жакшы болмок. Же Бишкектин. Бут ондомок. Ошту сонун кылган.
06.07.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ата Мекендин" эшигиндеги ити каңк деп үрүп койсо эле жазып чыкчулар убагында М.Мырзакматовду колдогонун неге жазышпады экен дейм да :)
06.07.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Shanson, Ата Мекен эмес Мырзакматов Ата Мекенди колдойм деп бир гезиттин бетин бербей жазганын окубадынбы? Текебаев эстуу адам бийлик,байлык, озумо упай топтойм деп аша чаап жанын сайып чуркаганын эч ким коргон эмес. Канча кыйын кырдаалда калса да эч кимди комокко чакырбаган.Саясатта оз орду, жетиштуу шайлоочулары бар адам. Эч кандай саясий кучтун комогуно муктаж эмес.
06.07.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
st1m_, Текебаевдин эстүү экендигинде күмөн жок :). Мырзакматов берсе бергендир ошондой интервью. Ал жагынан да менде суроо жок. Жакшылап абай салсаң, менин суроом - "Убагында "Ата Мекен" М.Мырзакматовду колдоп турду деген жаңылык / сөз неге жазылбады?". Же мен көрбөй калгамбы?. Эгер ошондой бир жаңылык / интервью көрсөң шилтемесин берип койсоң ыраазы болор элем.
07.07.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shanson,Мен корбой калгандырмын укпай калыптырмын деп озуно озун ишенбеген сон не кылам жооп жазып.Жазаардын алдында коруш керек окуш керек. Ата мекен эч качан Мелистин жардамына муктаж эмес Жана болбойт дагы.А Мелис Ата мекендин жардамына муктаж болушу толук мумкун.
06.07.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мырзакматовго мумкунчулук бериш керек! Анык жузун корсотсун. Ошту Ордолуу шаарга багытын бурган ушу киши. Текени билбейм. Куруу создон (теориядан5 практика жузундо2))))))))
06.07.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
президенттике таза адам келип баарын жопко тартса экен деп коп ойлоном. Мырзакматов да саясаттын сасык оюундарына аралашып кетти. Ото сыйлачумун бул киишини. Эко женип чыкса,бишкек жана ош событияга ки жооп берет эээх айта берсен соз коп.
06.07.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мелиске шанс бериш керек ал кандай иштегенин оштун эли жакын арада унутбайт
06.07.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай болсо дагы иынчтык болсун! Ата Мекен убадаларын аткрат деп ишенели. Мурунку выбордо орус СМИлер мешать кылды эле бул жолкусу жемиштуу болот окшойт.
Мелиске изоо жарыялап жатышты эле го же жанылып жатамбы?
Lenin түзөттү 2015-07-06 17:37:46
06.07.2015. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Lenin,
Туура айтасың... Мен да бир сайыттан окуп калганым бар...Мелиске издөө салынды деген...
06.07.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrawit,туура издөө салынган. Ал (Мырзакматов) азыр чет өлкөдө, саясий куугунтукта жүрөт. Ал бул кайрылууну чет өлкөдөн кат түрүндө жолдоптур...
06.07.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматовго Интерпол издөө жарыяласа керек эле, ошондо "мен бияктамын" деп үн каткан жок эле го. Эми кайдан пайда болду? А "Ата Мекендин" Мырзакматов боюнча позициясы түшүнүксүз болуп жатат, (издөө жарыяланып, айыпкер болуп жаткан адам менен кандайча өнөктөш болуп калды) ошол кезде "Ата Мекен" колдогону эсте жок, билбейм иши кылса...
Ajar. түзөттү 2015-07-06 18:29:34
06.07.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jagy kyzyk boldugo emi...
06.07.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мелис Текебаев менен бириккенден коро Садыр Жапаров мн бириксе жакшы болмок
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-07 12:23:01
06.07.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелис агай сиздин артынызда бут кыргыз болбосо да жарымы колдойт бирок сиздин журогунуз бут кыргыз деп согот билебиз!
06.07.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мелис байкени дайыма колдойм..! Ийгилик Омукенида колдойм..
06.07.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мелис Мырзакматов бийлике келем десе созсуз башка бартиялар менен биригип партиясын ийрилештириши керек. Демек ким менен бирикмек ойлоп коргулочу? Монгулорду саткан СДПК мененби? Же КРнын тубуно жетчу Ар-Намыс мененби? Же Коррупционерлер жык толгон оз ара келише албай ичинен ириген Республика менен Ата-Журт мененби? КРда 25жылдан бери туруктуу принципиалдуурак Ата-Мекен менен бириккени жакшы болотко дейм. Текебаев мыйзамды семичкедей чакса, Мырзакматов чарбачыл жакшы менеджер.
07.07.2015. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мелис аке жакшы иштейт. 20/жылдан бери бийликте жүргөн биздин чиновниктер көрүнүктү эчнерсе кыла элек. Жеп, талап,тоногондон башканы билбейт. Иштеген адам М.М көрүнүп калат.
07.07.2015. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мелис аке жакшы иштейт. 20/жылдан бери бийликте жүргөн биздин чиновниктер көрүнүктү эчнерсе кыла элек. Жеп, талап,тоногондон башканы билбейт. Иштеген адам М.М көрүнүп калат.
07.07.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошто мостту Мелис Мырзакматов болгондо качааан эле бутурмок))).Ошту гулдотуп жиберди эле азырчы жаны мэр эмне кылды?бар нерсенида эптей алган жок
07.07.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аша болушунча бут тосот себеби коркот ,аркасы таза эмес азыркы жогоруда иштеп жаткандардын копчулугу.Мырзакматов президентике татыктуу адам .
07.07.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Drogba, Мелиске анчалык ашыкбаш бийлик оорлук кылат андан коро акырындык менен парламентке барсын анан билинет президентке чейин ото эле коп бар Мелис мырзага
07.07.2015. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мелис чыныгы мээр болуп калды мен учун! Алга мелис казанда баары чомучко чыгат ийгилик!
07.07.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жакшы эле аракет кылды го анысына рахмат бирок жеке амбициясын да унуткан жок которуло суйлогондон арыла албады (албетте тар чойродо канткен менен саясатчы эмеспи )областык денгеелден жогорулай албады канткенде да жетекчи деген жетекчи жетекчи менен бирдиктуу план керек а Текебаев менен Мелис саясий бир тууган боло албайт Текебаевге Южный региондон голос керек Мелиске КЫМБАТТУУ КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДАН баш паанек керек
07.07.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
элге кызмат кылчу кыргыздын чыныгы инсандарын элге эле коюп койсо болот, ансыз деле алар коп эмес,акырын болсо да элге кызматын кылат,башка элге пайдасы жоктор жетиштуу эле....
07.07.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maalym, Биздин азыркы чыгаандарыбыздан (менин жеке пикирим бул)Кыргызстан учун иштеп бере турган саясатчы коро албадым себеби 25жылдык эгемендуулук оной убакыт эмес жакынкы кундордо мамлекеттик орган озун озу камсыздай албай калат мамлекетик ишканалар да сатылып бутот акырында бюджет учун кайра кайра карыз алынып Грециянын азыркы абалына барабыз себеби озун озу каржылаган ишкана же мамлекетке тийешелуу бир да булактарыбыз жок ноль ноль нольазыркы абал мышык ыйлай турган абалдабыз
07.07.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайлоодун шайтан оюну башталды. Кимисине ишенеерин билбейсин. Элим учун жерим дегени ким болду экен. Саясатка ишенип болбой калды.
07.07.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arda, Озуно сак бол,кошунанды ууру тутпа.
07.07.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчиден экинчиден учунчудон тортунчудон бешинчиден алтынчыдан жетинчиден жагынуунун жети амалы дегендей нерсе го
07.07.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак жол ата мекен ары бери секире бербей бир позицияда болуш керек эркек болгондон кийин.
07.07.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис ака. Оштогу озбек элинин атынан Сизге ысык салам.Ош шаарындагы озбек эли сизди колдойбуз.Кыргызыстаныбызды онуктургонго оз салымынызды кошосуз деп ишенебиз.
07.07.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
2010-жылы Ош уучун коп акча болунгон, Мырзакматов эмес башкасы болсо да аткармак аны, ошонун убагында салынган уйлор азыр жарака кетип жашаганга болбой калды, элдер нааразы болупатат, негизи колунан коко тыйын келбейт. А Текебаев канча жылдан бери бийликте, бийликти тазалаш учун ушул адамдан башташ керек!
07.07.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
men_da_kattaldym_xexe, Ошко болунгон акчаны Президенттин досу Жантородон сура же ошол убакта анын орун басары болуп турган азыркы мер Айтмаматтан сура. Мырзакматов сунуштаган планды колдобой ага ишенбей, оздорунчо мамдирекция тузуп андан 7млрд. Сомдун дайыны алигече дайынсыз. Ошол убактагы жетекчи кийин премьер министр болду. Кайра ошол чуунун артынан Ата-Мекен коалициядан чыгып Жанторо жумуштан кеткен. Мырзакматовду кызматтан алганда Жанторо болчу. А сен Ош шаарына бара элек окшойсун?
07.07.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semakg, ой йоо Мырзакматов кыйратып койгонсуп жазасынар, кыйын болсо кана иштебейт беле, оозуна алы жетпеген учун кетти, ал апапак анын тегерегиндегилер куноолуу дегенин жыкты чиркин.
07.07.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myrzakmatov prezidentike koiso koldoit elem,
07.07.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы таза иштеген Адам неге кимден качат.Куйругунда калбыры бар да.Куноосу жок адамдар журот го качпай сатпай эле.Чет жерге чыгып алып акылдуусунуп биринчиден экинчиден дегени жаккан жок Мелис акамдын.Акыры Текебаев алып калат жанынды тетирлесен сууруп алат жанынды
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: