Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы "Эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жөнүндө" макулдашуу ратификацияланды
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын
12-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Шанхай Кызматташтык Уюмуна
мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы "Эл аралык автомобилдик ташуулар
үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 10-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине депозитарийге көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

