"Патриоттор" ур-тепкиге алган дагы бир кыргыз кызы тууралуу видео тарады



Интернеттеги социалдык тармактарга "патриоттор" ур-тепкиге алган дагы бир кыргыз кызы тууралуу видео тарады. Видеодо кыргыз жигиттери жылаңачталган кызды суракка алып, анын аты-жөнүн, туулган жылын, ата-энесинин аттарын толук айттырышат. Андан соң балдардын "Эмнеге чет өлкөлүк жарандар менен көңүл ачып жүрөсүң? Же бул демократиябы? Кыргыздар жок бекен?" деп кызды урганы видеого жазылган. Балдардын жүзү көрүнбөйт. Өз ара "бери тур, видеого түшүп калба" деп сүйлөшкөндөрү угулат. Видеого кыздын "кечирип койгула, кайталанбайт" деп айтып жатканы тартылган.
Бул боюнча 6-июлда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан: "Интернетке тараган видео боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Ал кайсы жерде тартылганын, ким тарабынан интернеттеги социалдык тармактарга жүктөлгөнүн аныктаганга аракет кылып жатабыз. Териштирүү ишине Баткен ОИИБинен да кызматкерлер тартылды. Кошумча маалымат беребиз",- деп билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бул боюнча 6-июлда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан: "Интернетке тараган видео боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Ал кайсы жерде тартылганын, ким тарабынан интернеттеги социалдык тармактарга жүктөлгөнүн аныктаганга аракет кылып жатабыз. Териштирүү ишине Баткен ОИИБинен да кызматкерлер тартылды. Кошумча маалымат беребиз",- деп билдиришти.
"Патриоттор" кыргыз кызды ур-тепкиге алышты

ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын талабы менен бул видео өчүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Сиз порталдын негизги эрежелеринен чыкпаган билдирүүлөрдү калтыра аласыз.
Эгер дагы ушул сыяктуу суроо же сунуш, нааразычылык же сын-пикириңиз болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүп жүрсөңүз.
Мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Башка колдонуучуларды кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
Үгүт иретинде провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана.
силер да куноолусунор. Бузган да кыргыз,намызданып албай,кол которгондор, эркексинип кекейип муздак мамиле жасаганда силерсинер!
жашоодо жанылыштык болот соз м.н айтпайбы урбай!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.