super.kg logo

Жалал-Абадда үлпөт тойго чыгып, эреже бузган унаалардын ээлерине 2000 сомдон айып салынды

 
Июнь айынын башында Жалал-Абад шаарында үйлөнүү тоюнун кортежиндеги 10дой автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, ээлери айып төлөштү. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү Нурдин Жээнтаевдин билдиришинче, аталган унаалар жолдо жүрүү эрежесин одоно бузушкан. 
"Баары айнектерин караңгылатып алышкан. Унаалар ошол эле күнү айып аянтчасына токтотулуп, ээлери 2000 сомдон айып пул төлөп чыгышты. Кортеждеги унаалардын саны 5тен ашпашы керектиги боюнча мыйзам кабыл алынып, Административдик кодекс жаңы берене менен толукталган. Ага ылайык, кортеждеги унаалардын саны 5тен ашып кетсе, 3 миңден 5 миң сомго чейин айып пул салынат. Жогоруда айтылган унаалар эки тойдун ээлери жалдаган унаалар болгондуктан, саны 10дон ашкан эмес. Бүнүнкү күндө бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө күчүндө, андан бери Жалал-Абад шаарында мындай факт каттала элек. Жалал-Абад шаардык Жол-кайгуул кызматы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө",- деп билдирди Жээнтаев.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында үлпөт тоюуна 10дон ашуун унаа чыгып, шаардыктарга ыңгайсыздык жаратканын окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына кабарлаган эле.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: