super.kg logo
  Саясат  

Жеңиш Молдакматов: “Туйгунаалы Абдраимов депутаттардын төш белгиси жана күбөлүгүнө деп чогултулган акчага өзүнө унаа сатып алган”

 

Бүгүн,  26-февралда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жеңиш Молдакматов БШКда мыйзамсыз иштер орун алгандыгы тууралуу маалымат берди. “БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгиси жана күбөлүгүнө деп чогултупган акчага өзүнө кызматтык унаа сатып алган. Абдраимов ал акчага Лексус-4 үлгүсүндөү унаа жана бир кичи автобус алган”,- деди Молдокматов. Анын айтымында, 7 миң 545 депутаттан 4 миллион 900 сом чогултулган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматтарды четке кагып, айтылып жаткан кызматтык унаа 2012-жылы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатылып алынганын билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: