Эксперт: “Токтогул суу сактагычында камера турганына карабай суу дале сатылууда, жетекчини жоопко тартуу керек”
"Токтогул суу сактагычына агып кирген жана сарпталган суунун көлөмү тууралуу туура эмес маалымат берилип жатат. Суу түнкүсүн бош агызылбасын деп атайын көзөмөлдөө үчүн камералар коюлган, бирок биз бул камералардын пайдаларын көргөн жокпуз. Себеби суунун агып жатканын камера түнкүсүн тарта албайт". Муну эксперт Расул Умбеталиев маалымат жыйынында билдирди.
“Суу сатылып жатканын, күн өткөн сайын сарпталган суунун көлөмү улам артып баратканын далилдөөчү күбөлөр бар. Мындай шартта биз коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууну уланта беребиз. Орто Азиядагы 19 миллиард куб сууга туураланган суу сактагычтын баркын билбей жатабыз. Энергетика жана өнөр жай министри Кубанчбек Турдубаев суу сактагычтын жетекчисин кызматтан алып, атайын чара көрбөсө болбойт",- деди Расул Умбеталиев.


Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
жоопко тартыш керек деп оозунарды кобуртуп эл адында тантый беришет ,баш манкалар ошол креслодо отурушат билмексен болушуп ,саткан суунун акчасын чонтокторго катышып