Мамлекеттик мүлктү башкаруудан жарым жылда бюджетке 2 миллиард сомдой киреше түшкөнү айтылды
Мамлекеттик мүлктү башкаруудан жарым жылда республикалык бюджетке 1 миллиард 992 миллион 100 миң сом киреше түштү. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти. План боюнча 6 айда 2 миллиард 220 миллион 700 миң чогулушу керек болсо, топтолгон сумма пландын 86,5 пайызга аткарылганын көрсөткөн.
Дивиденддердин эсебинен 1 миллиард 522 миллион 900 миң сом;
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 25,4 миллион сом;
Мамлекеттик мекемелердин кирешелеринен 163 миллион 500 миң сом;
Менчиктештирүүдөн 210 миллион сом;
Башкалардан 200 миң сом киреше түшкөнү айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

