super.kg logo

Чаткалдагы массалык мушташка 20дай бала катышкан, "мушташты уюштурган" деп шектелип 1 бала камакка алынды

 
"Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Айгыр-Жал айылындагы массалык мушташты уюштурган" деп шектелип 1 бала камакка алынды. Бул тууралуу 6-июлда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-21 жаштагы балдардын ортосундагы пикир келишпестиктен улам келип чыккан массалык мушташка 20дай бала катышкан. Алардын көпчүлүгү ЖОЖдордо 3-4-курстарда окугандар.
"Факт боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Чаткал районунда эки гана тергөөчү болгондуктан, окуяны иликтеп, сурак жүргүзүүгө жардам берүү үчүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан атайын топ түзүлүп жөнөтүлдү.
Мушташтан кийин 6 бала ар түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган. Арасында бычактан жаракат алгандар да бар. Бир балага облустук ооруканага жолдомо кагаз берилди. Мушташка катышкандардын баарынын аты-жөнү такталды. Уюштуруучу катары бир бала камакка алынды. Ооруканада жаткандар айыккандан кийин суракка чакырылышат",
- деп билдирет Жалал-Абад ОИИБи.
Эске салсак, 5-июлга караган түнү Чаткалда 1994, 1995-жылы туулган балдардын арасында уруш чыккан. Буга чейин 8 баланын бычакталганын порталыбызга окурман билдирген эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
06.07.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соучастник деген бар го , эмнеге бироосун Гана камака алат ! Бизде мыйзам жакшы иштебейт!
06.07.2015. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунда жок бирону камады да.
06.07.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biroosun kamabai baaryn kamaw kerek bolchu
06.07.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул да болсо коомдо болуп жаткан терс корунуштордун акыбаты. Азыр кыргызстанда ким отуруп чыкса бойго тушсо ошолор авторитет болуп жаштарга терс таасирин тийгизип жатат биз кыргыздар унутпашыбыз керек мамлекеттин экономикасын урушуп турмого отуруп которо албайбыз биз илимдуу билимдуу таза иштеп кана которобуз.
06.07.2015. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бой без правил, стрип клуб уюштуруу жагынан гонконгдон калышпайбыз, небоскреб куруу жагынан охшошконубузда жахшы болот эле. ммкда крим авторитетти да суктануу менен жазышат. мына жыйынтык
07.07.2015. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай массалык мушташ бизде кун сайын болуп турат эч нерсе эмес эн негизгиси тиги 20 га чукул эркек балдар эркекче басып кетишсе болду анан мушташып жатканда жатып калганды уруп салыш жок болуш керек калганы эч нерсе эмес мындай мушташ болбой журду беле
07.07.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче жашырып жатышат. Бироо олду дегендей уктум. Кече москвада эс алуу жайлардын биринде олтурганбыз. Жаныбызга дагы уч торт бала келип отурду. Создоруно караганда ошол мушташкан балдардын достору го. Мага тигинче чалды. Олду деди ишенбедим. Чын эле олуптур да деп кайгырып отурушту.
07.07.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Organ, саламатсызбы!
Ар бир кабар такталып, текшерилип чыгарылат.
Мындан ары сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу суроо, сын-пикир же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүп жүрсөңүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: