Ички иштер министрлиги: “2010-2014-жылдар аралыгында Сирияга кеткен мекендештер боюнча фактыларды эми аныктап жатабыз”
Учурда 400дөн ашык кыргыз жараны Сириядагы согушка катышууда. Анын 91и аялдар болсо, 49у бойго жете элек балдар болгон. Жалпысынан 49 үй-бүлө согуш болуп жаткан жактарга азгырылып кеткен. Мунун көбү 2010-2015-жылдар аралыгында жөнөтүлгөндөр. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда ИИМдин 10-бөлүмүнүн башчысынын орун басары Райим Салимов билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылдын алгачкы 6 айында бир канча иш боюнча фактылар козголгон. “Тилекке каршы, акыркы жылдары чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр, согуштук аракеттерге азгыруулар көп катталууда. Бул мурунку жылдардагы фактылардын азыр гана ачыкка чыгып жатканы менен байланыштуу”,- дедиР.Салимов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.