super.kg logo

"Күн ысыкта суусуз калганыбыз аз келгенсип, биз таза суу алган тундурмадан мышыктын өлүгү чыкты" дешет Орок айылынын тургундары

 

Орок айылынын тургундары күндүн ысыгында суусуз жашап жатышканын айтып, митингге чыгууга эл даяр экенин жашырбайт. Айыл тургундары SUPER.KG порталына билдиргендей, суу маселеси көп жылдан бери чечилбей келет. 

Алардын айтымында, акыркы 2 айда айылда таза суу жок. Айыл өкмөтүнө, "Бишкек суу-канал" ишканасына, спикер Асылбек Жээнбековго кайрылуу жолдонгону менен, майнап чыккан эмес. "Баш-Кара-Суу суу тосмосу Бишкек мэриясынын долбоорунун алкагында курулган. Коңшу айылдар суу менен камсыз болгон, биздин маселе чечиле элек. Айыл өкмөтүнөн аталган тосмо 2016-жылы иштейт деп билдиришти. Демек, суусуз дагы 1 жыл жашаш керекпи?" деп жазылат маалыматта. 

Анда айтылгандай, таза суу чыгарууда суу түтүктөрүнүн эскилиги байкалып, суу аз көлөмдө чыгып жатат. Аны оңдогонго айыл тургундары чыгууда. "4-июлда оңдоп-түзөө иштерин өткөрүп жатып суу топтолуучу тундургучтан жыландын жана мышыктын чирип калган өлүктөрүн табышты. Эл бул суудан ичет, алар жугуштуу оорулар менен ооруп калышса ким жооп берет? Тургундар бул маселе боюнча нааразы жана митингге чыкканга даяр. Президент Алмазбек Атамбаевден жана өкмөт башчы Темир Сариевден аталган маселени чечип берүүнү суранабыз",- дешет тургундар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.07.2015. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип ушундай болсун элге убалго чондорго соз жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: