super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекети менен ЕРӨБ, ошондой эле Швейцария ортосундагы макулдашуулар ратификацияланды

 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө” насыялык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, “Бишкек суу-канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Глобалдык экологиялык фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (II фаза)” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 7-июлда президенттик аппараттан кабарлашты. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: