Жалал-Абад. Кыргыз кымызын көп улуттуу облустун элине жайылтуу максатында Кымыз майрамы белгиленет



Жалал-Абад шаарында Кымыз майрамы белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-июлунда облустун борборунда Кымыз майрамынын алкагында улуттук тамак-аштардын сынагы да уюштурулат.
"Максат – облустун көп улуттуу элинин өкүлдөрүнө улуттук даамдарыбызды жайылтуу жана даңазалоо, элдик маданияттын өз ара байышын бекемдөөгө багытталган каада-салтты өркүндөтүү, ден соолукка пайдалуу касиети бар кыргыз кымызын жалпы элге жайылтуу.
Майрамды уюштуруу үчүн башында ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов турган комиссия түзүлдү. Анын курамына ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын бөлүм башчылары, облустагы райондордун акимдери менен шаарлардын мэрлери, мекемелердин жетекчилери жана облустагы жогорку окуу жайлардын ректорлору кирди.
8-июль күнү кечке чейин облустук мекемелер тарабынан боз үйлөр тигилип, даярдалат. 9-июль күнү саат 17:00дөн баштап район-шаарлардан алынып келинген кымыз калкка кеңири сатыкка коюлат",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, эң мыкты кымыз үчүн баш байге 10 миң сом, 1-орунга 8 миң, 2-орунга 6 миң жана 3-орунга 5 миң сом сыйлыктар ыйгарылат. “Мыкты дасторкон ажары” үчүн да ушундай эле сыйлыктар каралган.



1 |