super.kg logo

Жалал-Абадда бир нече жолу уюлдук телефон уурдаган жаран кармалды

 

Жалал-Абадда бир нече жолу уюлдук телефон уурдаган жаран кармалды. Муну бүгүн, 7-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 4-июлдан 5-июлга караган түнү Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев көчөсүндө жайгашкан Токтогул атындагы эс алуу багынын айланасындагы кафенин кароолканасына белгисиз кылмышкерлер киришип, кароолчунун чөнтөгүнөн "Asha 500" үлгүсүндөгү 3500 сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишкен.

Ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүндө жайгашкан “Жеңиш” эс алуу багындагы “Үй-бүлөлүк” кафесинде У.М. аттуу жаран сөөрүдө уктап жатканда белгисиз адам "Нокиа 5230" үлгүсүндөгү 2000 сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткен.

Аталган уурулук фактылары боюнча аймактык тескөөчүлөр тарабынан маалымат алынып, алардын ыкчам көрүлгөн иштеринин натыйжасында ошол эле убакыт аралыгында кылмышка шектүү катары Сузак районунун Сузак айылынын тургуну И.И. кармалган.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүүнүн мурда да ушул сыяктуу жасаган кыңыр иштери аныкталып, учурда Жалал-Абад ШИИБи тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: