Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов "Ата Мекен" партиясы менен парламенттик шайлоого катышуусу мүмкүн

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын 5 жыл аралыгында аткарган иштери тууралуу 7-июлда фракция лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерге маалымат берди. Жыйында журналисттер мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов "Ата Мекен" партиясы менен парламенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экени айтылып жатканын билдиришип, фракция лидеринин жообуна кызыгышты. Бирок ал суроого кыскача жооп берди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Бул тууралуу азырынча эч нерсе айта албайм, бирок биз динди мамлекеттин атаандашы катары карабайбыз",- деди Текебаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

