super.kg logo

Активисттердин унаасынын номурун чечип алгандардын бири кармалды, экинчиси изделүүдө

 
Бүгүн, 7-июлдагы маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин башчысы Кашкар Жунушалиев: "Активисттердин унаасынын номурун чечип алгандардын бири кармалды, экинчиси изделүүдө",- деп билдирди. Ал өз сөзүндө МАИчилердин айдоочудан 5000 сом талап кылышып, бербей койгон соң артынан кууп барып унаасынын номурун чечип алышканы тууралуу видео жөнүндө ММКлар 30-июнда жазып чыгышканын, ал эми активист Болот Ибрагимов кийинчерээк арыз жазганын кошумчалады.
"Ушул тапта факт боюнча иликтөө жүрүүдө. Кечээ Азирет Маратбекович кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Ал эми экинчи шектүү Адилет Жунусов азыркы тапта изделүүдө. Анын кайсы жерде жүргөнү азырынча белгисиз. Биздин кызматкерлер Бишкектен жана шектүүнүн туулган жери Ысык-Көл облусунан да издеп жатышат. Жакынкы күндөрдө ал да колго түшүрүлөт",- деди Жунушалиев.
4-июлда активисттердин унаасынын номурун чечип алган жигит 26 жаштагы Адилет Жунусов экени белгилүү болуп, анын МАИчилер менен түшкөн сүрөттөрү интернеттеги социалдык тармактарга тараган. Ага чейин эле аталган адамды издеп табууга милиция кызматкерлери убада беришкени айтылган эле. 
Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, жарандар активисттерге колдоо көрсөтүүнү айтышууда. Ал эми активисттерге керсейген, аларды сөгүп, автоунаанын номурларын чечип алган жигитке интернет колдонуучулар "Дрыщ" ("тыржыйган адам" - ред.) деген каймана атты коюшту.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
07.07.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо дрыщты издешип жатышабъ?
07.07.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул дрыщ жаман жылдыз болдуго.Жолдон кокусунан коруп калсам автограф албасам
07.07.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sake80, номурунду чечип албасын) ))
07.07.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sake80 ха ха туура кыласын
07.07.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
МВД нол баа коем !!! Себеби жонокой дебошир дрышты туталбай издооодо деп конференция бергиче кочого чыгып издешсин анда баары кулкулуу даа угуп олтурган журналистерге боорум ооруду жалганга ишенип олтураган 40% ысыкта олтурушат!
07.07.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Активист активист эле дешет, мне болгон активисттер. Подстава кылгандар казыр активист болуп калышты беле? Эки ап арык баладан качкан тортоо активист болуп жатышабы? Дег видеолору бар болчу, ошондо колу буттарын байлап туруп милицияга жеткизишсе активист демекмин.
07.07.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SHAHDAR, туура!
07.07.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
белорусияда болгонду бир кундо эле кармады эле го ? Бул жакта таппай калыптыр? ото кызык!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: