Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Кечээги жаңжалдан жаракат алган тажик чек арачысы ооруканадан көз жумду
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Азыркы тапта өткөрүү бекеттери күндөгүдөй иштеп жатат. Бул тууралуу 7-июлда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ 6-июлда Баткен облусунун Көчө-Карын айылында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушуп, чек ара аймагында өткөн чырды талкуулашты. Жаңжал мамлекеттик чек арадан 80 чакырым алыстыктагы кыргыз жеринде орун алганы аныкталды. Бул жерди делимитациялоо процесси бүтө элек, чек ара тилкеси макулдашылган эмес.
Жолугушуунун жүрүшүндө жаңжалдан жаракат алган тажик чек арачысы ооруканадан көз жумганы айтылды. Тергөө чек арачынын кимдин огунан каза тапканын далилдейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Улуттар аралык түшүнбөстүктү жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.