Айдоочудан 5000 сом пара талап кылган кызматкерлер кызматынан убактылуу бошотулушту




МАИчилердин айдоочудан 5000 сом талап кылышып, бербей койгон соң артынан кууп барып унаасынын номурун чечип алышканы тууралуу видеодогу кызматкерлер кызматынан убактылуу бошотулушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, видео интернет булактарына тараган күнү эле кылмыш иши козголгон. Учурда жол-кайгуул кызматкерлери ээлеген кызматынан биротоло бошотулары белгисиз.
“Коомчулук аталган видеого катышкан кызматкерлерге көрүлгөн чараны өтө эле жумшак деп жатат. Бирок бул МАИчилер мыйзамдуу түрдө кандай жаза алышарын бир гана прокуратура чечет. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен көрүлгөн чаранын оор же жеңил экенин айта алабыз”,- деди Жунушалиев.



Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.