super.kg logo
  Саясат  

"Судья Сооронкулова кызматтан мыйзамсыз алынды" деди депутат Текебаев

 
Депутат Өмүрбек Текебаев "судья Клара Сооронкулова кызматынан мыйзамсыз алынды" деп эсептейт. Мындай пикирин депутат 7-июлда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын 5 жыл аралыгында жасаган иштеринин жыйынтыгы тууралуу өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Ошондой эле ал Сооронкулованын кызматтан алынышына "Ата Мекен" фракциясы толугу менен каршы турганына басым жасады. 
"Биз Сооронкулованын кызматтан алынышын туура эмес деп эсептедик. Аны жумуштан бошотуу адилетсиз чечим болду. Анан калса биз судьяны парламентке чакырып, өз пикирин угууну талап кылганбыз, бирок аны келтиришкен жок. "Ата Мекен" фракциясы толугу менен каршы добуш берди. Ал эми "жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келет" деген - бул судьянын жеке пикири. Эгерде судья менен өлкө жетекчилеринин пикирлери шайкеш келбесе, аны дароо кызматтан алып салуу керек эмес да",- деди Текебаев.
Эскерте кетсек, Конституциялык палатанын судьясы К.Сооронкулова "жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келет" деп айтканы үчүн Конституциялык палата жана парламенттин тармактык комитети аны кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү чечимин чыгарганАл эми Жогорку Кеңеш 30-июндагы кезексиз жыйынында бул маселени карап, аны кызматтан бошотуу боюнча чечим кабыл алган.  

   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: