Өмүрбек Текебаев: "Мелис Мырзакматов - элдин колдоосуна ээ болгон, чыгаан, көз карандысыз саясатчы"
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн журналисттерге берген маалымат жыйынында өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалга өз баасын берди. Журналисттерди "Ата Мекен" социалисттик партиясы менен "Улуттар биримдиги" элдик партиясынын стратегиялык өнөктөштүгү туурасындагы маселе кызыктырды. Журналисттердин суроолоруна жооп узатып жатып Текебаев өз оюн билдирди:
"Бүгүнкү саясий системдин автору - "Ата Мекен" партиясы. Ошондуктан бул системдин иштеп кетүүсүнө "Ата Мекен" партиясы түздөн-түз кызыкдар жана жоопкер. Системдин негизги маңызы - тең ата чыгып, атаандашкан саясий партиялардын мамлекетибизде болушу керектигинде. Тилекке каршы, акыркы кезде партиялар бүгүнкү бийликтин кол балдарына айланып, алардын батасы менен шайлоого чыгабыз деп, керек болсо шайлоо тизмелерин дагы бийлик менен макулдашып калган учур. Мына ушундай кырдаалда көз каранды эмес, саясий системди тең салмактап турган саясий күчтөрдүн жок болуп кетиши күтүлүүдө. Андай болсо биз түзгөн саясий систем иштебей, өзүнүн жемишин бербей калат. Анда биз эски тарыхыбызды кайра кайталаган болобуз. Ошондуктан биз, "Ата Мекен" партиясы, өз алдынча, көз каранды эмес саясий күч катары "Улуттар биримдиги" элдик партиясын стратегиялык өнөктөш катары таанып, аны менен кызматташып, бири-бирибизди колдойлу деп чечтик. Партиянын башчысы Мелис Мырзакматов - элдин колдоосуна ээ болгон, чыгаан саясатчы. Аны биз колунан иш келген жетекчи, өз алдынча ой жүгүртө алган инсан катары тааныйбыз. Ага козголгон кылмыш ишине убакыт өзү баа берет, анткени убагында мага дагы, азыркы президент Алмазбек Атамбаевге дагы кылмыш иштери козголуп, убакыт алардын жалган жалаа экендигин далилдеди",- деди Өмүрбек Текебаев.
Маалымат жыйынынын жүрүшүндө "Кумтөр" кенинин айланасында дагы кеңири кеп жүрүп, эл өкүлү журналисттердин суроолоруна ар тараптуу жооп берди.
кошулду

Ал эл учун жер учун талыкпай,жеп ичпей,талап тонобой эмгектенип кыска убакыттын ичинде калын эл журттун кучтуу колдоосуна ээ боло алды! Бийлик бул кишиден корккону учун аны ар кандай жалган жалаа менен олкодон кууп чыгарды,аны кетирип бийлик озунун авторитетин да томондотуп алды! анын рейтинги эн жогорку,эгер ишенбесенер Супер инфо
Сунушуңузга чоң рахмат, аракет кылабыз.
Мелис менен бийликтин ортосундагы тирешууну айтып отурсак аябай узак соз болот,бул жерде саясат оз оюнунун ойноп жатат....Адвокат болуп актагыдай ага каршы кылмышты бир эле киши ачкан жок да? борбордук бийлик кысымга алып куугунтуктап жатса кантип актайсын?
Чындыкты тан алыш керек,Мелис эл учун ак иштеген инсан болчу,бул нерсени анын аз убакыттын ичинде жасаган алгылыктуу иштери далилдеп турат!!!