Укук коргоочу: "Кыздарды сабап, интернетке тараткандарды мыйзам боюнча жоопко тартуу керек. Мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн атайын борборлорду түзүү зарыл"
Интернет айдыңында "патриотпуз" деп көкүрөк каккан кыргыз жигиттеринин пайда болушу
коомчулукта чоң талкуу жаратып келет. Алар чет өлкөдө, анын ичинде Орусияда жүргөн мигрант
кыз-келиндерди "тарбиялоо" максатында суракка алганын видеого тартып,
аны интернетке жайылтуу менен "патриоттугун" көрсөтүп жатканы акыркы жылдары көбөйүп барат.
Бул боюнча SUPER.KG порталына бүгүн, 7-июлда Адам укуктары боюнча Эдвокаси борборунун юристи Улан Бекмуратов: "Кыздарды сабап, аны интернетке тараткандарды мыйзам боюнча жоопко тартуу керек. "18 жашка чыккан кыз башка улуттун өкүлү менен көңүл ачпасын, эс албасын" деп мыйзамда жазылган эмес. Кыздардын чет өлкөлүктөр менен эс алуусуна эмне түрткү болгонун жана балдардын сабап, видеого тартканга баруу себептерин аныктап алуу абзел. Негизинен мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн чет өлкөлөрдө, ошол эле Орусияда атайын кризистик борборлорду түзүү зарыл",- деп билдирди.
Кыргыз кыздарына "тарбия" берүүнү максат кылып, бирок туура эмес иштерге балдар намыстанып барып жатканын кошумчалап: "Кыргыз кыздарынын чет өлкөлүк жарандар менен эс алуусуна жалпысынан бүгүнкү күндөгү экономикалык кырдаал да себеп болууда. Кыздар барып эле чет өлкөлүккө "мен макулмун" деп жүрүп албайт да, жумушу жок болгондуктан, ачка калбаш үчүн ар түрдүү кадамдарга барышы мүмкүн. Эгер жашоо шарты кыйын болуп турган убакта кыз башка улуттун өкүлү менен таанышса, ал тамак, акча берип, үйүнө жаткырышы деле толук ыктымал. Кыйын кырдаалга туш болгон кыздарга жардам берчү кризистик борборлорду ачуу зарыл. Орусияда мындай окуялар көп катталып жатат, анын алдын алууга элчиликте иштеген адамдар жетишпеши мүмкүн. Ооба, диаспоралар да иштеп жатат, бирок көйгөйгө мамлекет тарабынан да көңүл бурулушу керек",- деди юрист.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

http://www.super.kg/media/uservideo/144831/
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Кемсинтип, мазактаган сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз.
Үгүт иретиндеги провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
1. Жалаң баштамгалар менен жазууга,
2. Үгүт иретинде жазылган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Үгүт иретиндеги провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Эрмектеп денин саткан.
Туруксуз максат чеккен,
Тууп салып таштап кеткен-деп Шайлообек авам ушундайларды коруп жаны кейигенде жазса керек да