super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРдын" үчүнчү смартфонун Орусияда иштеген Алина аттуу мекендешибиз утту

 
Июнь айынын жеңүүчүсү Алина Мустапакул кызы
Белекти Алинанын таякеси Мансур кеңсебизге келип алып кетти.
Жеңүүчүнү кубанткан заманбап смартфон
Жасалма билеттердин айынан 29 адам уча албай калган.
Жасалма билеттердин айынан 29 адам уча албай калган.
Апрель айынын жеңүүчүсү Чынберди Жанышов
Май айынын жеңүүчүсү Сабира Казамбекова
Күчтүү каалоо баарын жеңет... Орусияда иштеген мекендешибиз Алина Мустапакул кызы "жарандарды шылуундардын тузагынан куткарууга салым кошоюн" деген ойдо жаңылык жиберип, мунун артынан SUPER.KG порталынан заманбап смартфон утуп алды. Жаап-жашыруу мүмкүн эмес, азыркы заманда алдамчылардан запкы тарткандар толтура: жер тилкесин сатып аларда алдангандар, "чет өлкөдөн автоунаа ташыйм" деген шылуундарга акчасын кармата берип сызга отуруп калгандар, жакшы жумуш десе азгырылып барып чет өлкөдө кулчулукка кабылгандар... Айтор, алдамчылык көйгөйү күчүндө.    
Жеңүүчү деп табылган Алина Мустапакул кызы Ош шаарындагы "Авиасервис" деген авиаагенттиктен алданып калган бир тууган агасынын жана ондогон карапайым жарандардын көйгөйүн, авиакасса алдамчылыгын жарыялаган. Ош шаарындагы авиакассалардын биринде жасалма билеттер сатылып, 30дай адам Москвага уча албай аэропортто калганын айтып тынчсызданган. Коомдо алдамчылык менен жан баккандар, жоопкерсиздик күчөгөнүн далилдеген кабар жиберди. Өзү чет мамлекетте жүрсө да, кыргыз жериндеги мекендештерин сак болууга үндөп кабар жөнөткөн Алина Мустапакул кызын SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши июнь айынын жеңүүчүсү деп тапты. 
Бирок авиаагенттиктин мындай аракети катуу жазалануу менен бүткөн жок. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Ашырбаевдин билдиришинче, аталган факт боюнча кылмыш иши ачылган эмес. "Билеттен алданып калганын айтып 8 адам милицияга арыз жазган, бирок авиаагенттик билеттеринин акчасын кайтарып бергенден кийин баары тосмо арыз жазып беришип, окуя боюнча кылмыш иши козголгон эмес",- деп билдирди Ашырбаев. 
Жеңүүчү учурда өлкө сыртында, аны менен телефон аркылуу байланышка чыктык. 
- Авиабилети жасалма болуп чыкканын билишкенде баары милицияга чуркашыптыр, сизге муну ким кабарлап, "Элдик кабарга" кантип жөнөтүп калдыңыз?
- Мен Москвада болчумун, бир тууган агамды аэропорттон тосуп алайын деп күтүп отургам. Анан мен күткөн каттам менен келбей калганынан телефон чалсам, "бизди алдап кетишти, билеттерибиз жараксыз болуп уча албай калдык" деди. Ошондо дароо "Элдик кабарга" билдирүүнү чечтим, анткени силердин жаңылыктарды көпчүлүк окуйт. Башкалар да алданып калбасын, авиакассадагы алдамчылык тууралуу билишсин деген ой келди. 
- Сиздин кабар адамдарга эскертүүчү гана эмес, байге утуп аларын анда ойлобогон чыгарсыз...
- Кайдан дейсиз... Байгени ойлогон жокмун, мен жиберген маалымат "Элдик кабарга" чыкканда абдан сүйүндүм. 
- "Элдик кабардан" байгеге ээ болгонуңузду биринчи кимге айттыңыз?
- Биринчи апама айттым. Аябай толкунданып алыптыр. Менден өтүп бактылуу. 
- Мындан ары да "Элдик кабарга" маалымат жөнөтүп турасызбы?
- Албетте, жөнөтүп турам. Менин жаңылыгымды уккан жанымда чогуу иштегендер да жөнөтөбүз деп жатышат.
- Рахмат, ийгиликтер көп болсун.
- Сиздерге да рахмат.  
Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманга редакция ай сайын заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.
Белек ээси борбордон алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги таякеси Мансур кеңсебизге келип алып кетти. Апрель айында Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу 10-класстын окуучусу жеңүүчү болсо, май айында Оштогу үй кожойкеси Сабира Казамбекова жеңүүчү деп табылган

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
07.07.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kuttukdaibyz, jany telefon menen dagy jakshy janylykdardy jazyp tur.
07.07.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм Алина!
07.07.2015. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuttuktaibyz zamanbap telefon mn jakshy kabarlardy jiberip turunuz
07.07.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктайм сизди
07.07.2015. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аяш карындашым го куттуктаймын.
07.07.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз! Карпайым калкка аз да болсо кубанычтуу белек уйуштуруп жакшы кылыпсыздар супер инфо!
08.07.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм утушунар кут болсун
08.07.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белек кут болсун
08.07.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктап жууп бербейинби Алина, кайсы метродо турасын?))))
08.07.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алина, алган сыйлыгын кут болсун! Элибизде айтылгандай " Смартфонун кузго жетсин, озун жузго жет!".
10.07.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алина жакшынакай кыз экен,
10.07.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
10 кундон бери реклама кыла берип тажабадынарбы
10.07.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Смартфондорду качан майлашабыз ыя?
23.07.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ушинтип телефон утуп алсам го, укмуштуудай кабар жазып ))))))))))))))))))
25.07.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун
28.07.2015. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
29.07.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктайм Алина менда Уркуя Салиевада окуганмын тааныбасан керек бирок мен сени тааныйм белегин кут болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: