Жол-кайгуул кызматы: “Унаанын алдынкы терезелерин караңгылатуу уруксаты сатылат” деген маалымат жалган ”
“Унаанын алдынкы терезелерин караңгылатуу уруксаты сатылат же тааныштар аркылуу берилет” деген - жалган маалымат”,- деди бүгүн, 7-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Ички иштер министрлигине караштуу Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко. Анын айтымында, коомчулукта мындай имиш сөздөр байма-бай айтылып жатат.
“Өкмөттүн 2011-жылдын 21-февралында кабыл алынган №59-токтомунда кимге унаанын алдынкы терезелерин караңгылатуу уруксаты берилери жазылган. Андан башка айдоочулар үчүн сатылбайт жана тааныштар аркылуу берилбейт. Муну дагы бир жолу баса белгилегим келет”,- дейт Дьяченко.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















