Кадамжайда унаа менен сууга түшүп кеткендердин аты-жөнү такталды






Кадамжайда унаа сууга түшүп кетип, 4 адам каза болгон. Эки адамдын жансыз денеси табылып, дагы эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, куткаруучулар жабыркаган 1983-жылы туулган Кубат Калмуратов жана апасы 1956-жылы туулган Марзия Калмуратованы дарыядан чыгарышып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Алар Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилишкен.
Ал эми 1975-жылы туулган Чолпонай Ботобаеванын жансыз денесин автоунаа
кулаган жерден 1 чакырым төмөн жактан табышкан. Маркум Тамара
Ботобаеваны дарыя ичиндеги талга илинип калган жерден таап, суудан чыгарышкан соң Кызыл-Кыя шаардык өлүкканасына жиберишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Кечө күнү Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү "Золотой-мост" чай канасында бир депутат аш берген. Аштан чыгып келе жатканда ушундай кырсык болду. Бул дарыя канчасынын жанын алып кетти?!
Кайсыл айылдан болушат экен ?