Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Баткенге барды
Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев бүгүн, 8-июлда Баткен облусуна барды. Дүйшөнбиев бүгүн түшкө чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкууламакчы. Эки өлкөнүн чек ара бөлүмдөрүнүн өз ара кызматташтыгына тийиштүү маселелерди сүйлөшөрүн Чек ара кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, 6-июлда Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Тажикстандын бир жараны октон жаракат алган. Чырдын башталышына Баткен-Исфана жолунда бара жаткан кыргыз жарандарын тажиктердин таш бараңга алышы себеп болгону жарыяланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

