Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыктан 19 жаштагы эки кыз каза болуп, дагы 3 адам жабыркады

Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыктан 19 жаштагы эки кыз каза болуп, дагы 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 7-июль күнү саат 22:30
чамасында 1996-жылы туулган И.А. аттуу
айдоочу кыз Хонда Одиссей унаасы менен батыштан чыгышты көздөй баратып рулду башкара албай калып оодарылып кеткен.
Анын кесепетинен Бишкектин
тургундары: Т.Ч. жана А.Б. аттуу 1996-жылы туулган кыздар ошол жерден каза
болушкан. Ал эми айдоочу жана 1996-жылкы К.А. жана К.Ж. аттуу жүргүнчүлөр
оор жаракат алып, жакынкы ооруканага жеткирилишкен. Учурда жогорудагы окуя боюнча
иликтөө иштери жүрүп, экспертиза дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

кырсык каш кабактын ортосунда дейт
машинени ар ким оз шыгына жараша айдайт