Жогорку окуу жайлар 2015-2016-окуу жылына жатакана үчүн тарифтерди 10-15 пайызга көтөрүшү мүмкүн

Жогорку окуу жайлар 2015-2016-окуу жылында жатакана үчүн тарифтерди 10-15 пайызга көтөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жогорку окуу жайлардын көпчүлүгү жатаканада туруу үчүн бааларды өткөн жылдын деңгээлинде сактап калышын пландаштырууда. Бирок ошол эле учурда баалардын жогорулашы коммуналдык кызматтарын тейлөө жана тарифтердин жогорулашына байланыштуу 10-15 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн.
Маселен, Кыргыз Республикасынын Спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик академиясынын жатаканасында туруу үчүн төлөнгөн каражатты айына 50 сомго көбөйтүү пландаштырылууда, же 250 сомдон 300 сомго чейин.
Айта кетсек, жатаканаларды тейлөө үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөйт. Жогорку окуу жайлардын жатаканалары атайын каражаттардын жана жатаканаларда жашап турган кызматкерлердин, студенттердин төлөгөн каражаттарынын эсебинен кармалат.

