super.kg logo

Кендердин сатылышы боюнча таластыктар кайрадан митинг өткөрүшөт

 

21-июль күнү Талас облусунун Кара-Ой айылында өлкөдө кендердин сатылып жатышы боюнча жарандык активисттердин чогулушу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө “Талас эл ынтымагы” кыймылынын активисти, Кара-Буура районунун тургуну Амангелди Артыков билдирди. Анын айтымында, нааразычылык акциясына орто эсеп менен 10-15 миң адам чогулат.

Башкы талап - "Жер-Үй" кенинин иштөөсүнө бөгөт коюу. Мындан тышкары учурдагы Кара-Буурада иштетилген кенден кийин экологиялык катастрофа жөнүндө сөз болот. Ал жерде жадакалса форель балыгы жоголуп кеткен. Шыраалжында да ушундай эле көрүнүш.

Биз аталган тынч митингге өлкө башчыны, өкмөт өкүлдөрүн сиздер аркылуу келип катышууга чакырабыз. Эгер алар келбесе, анда биз борборго - Бишкекке чейин барганга даярбыз. Айта кетсем, учурдагы кендерибизди цианид менен иштеткендин кесепети Нарын дарыясына чейин өз таасирин тийгизди, суунун 43 пайызында бул зат бар экени аныкталды”,- дейт активист.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
08.07.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар.бийликтегилердин тизгинин кичине тартып койбосонор коздорун май басып баратат.
08.07.2015. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан туура мен колдойм силерди. Экологияны талкалап же кыргызга бир тыйын пайдасы жок.Аз маз тушкон пайданы топтошкон бок курсактар болушуп алат.Таластыктар калат талкаланган тоо ташынан чан учуп.Кумтордон коруп атабыз го берген пайдасы бир миллиард болсо келтирген зыяны беш жарым миллиард доллар экен.Мынтип кен каздырбай эле койгула.Туура кыласынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: