super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги "Дастан" заводун өнүктүрүү планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди

 

Премьер-министр Темир Сариев 8-июлда Бишкектеги “Дастан” заводу жана Бишкек штамптоочу заводу менен таанышты. Премьер-министр аталган заводдор өлкө коопсуздугу жана өндүрүшү үчүн зор мааниге ээ экенин белгилеп, өкмөт бул объекттерде өндүрүштү токтотпоо үчүн бардык күчүн жумшаарын билдирди.

“Бишкек штамптоочу заводунун иши акыркы жылдары токтоп калып, көптөгөн жабдыктары сатылып кеткен эле. Акыркы жылдары гана заводдун ишин жандандыруу аракеттери көрүлүп жатат. Учурда заводдо кадрларды даярдоо боюнча маселе бар экен. Өкмөт мунун үстүнөн иш жүргүзөт”,- деди Сариев.

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге аталган заводдордун ишин өнүктүрүү боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилгенин билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: