Президент Баткенде ооз ачыруу иш-чарасын өткөрдү
Кечээ, 7-июль күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда президент Алмазбек Атамбаевдин атынан орозо кармагандарга кечки сый тамак берүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.
Саамалыкка Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Кадамжай районунун акими, Кадамжай шаарынын мэри, Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри, Кадамжай районунун башкы имам-хатиби, Кадамжай шаарынын башкы имам-хатибдери катышышты.
Иш-чарага Кадамжай районунун бардык аймактарынан коноктор чакырылган. Келген конокторду Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов президенттин атынан Орозо айы менен куттуктап, жалпы конокторго өлкө башчынын саламын жеткирди. Ошондой эле өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков жеке өзүнүн жана жалпы эмгек жамаатынын атынан ыйык Орозо айы менен куттуктады.
Иш-чарага келген коноктор саамалыкты уюштурган өлкө башчысына ыраазычылыктарын билдиришти.







1 |