super.kg logo

Нарындагы төрөтканада дарыгер жардам бербей коюп көз жумган аял боюнча кылмыш ишин Жогорку Сот карайт

 

Өткөн жылы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 39 жаштагы Миргүл Жумалиева көз жумган. Анын жакындары окуядан бир жыл өтсө да күнөөлүү адамдар жоопко тартылбай келгенин айтып чыгышты. Бул боюнча SUPER.KG  порталына бүгүн, 8-июлда Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева: "Айыпталуучу Б.Темирова Нарын шаарынын жана Нарын облусунун судьяларынын айынан жазага тартылбай калган деген маалыматтар чындыкка дал келбейт",- деп билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 7-июлда Нарын шаардык сотуна Б.Темированын көзөмөл иретиндеги даттануусу келип түшүп, анын негизинде ага карата кылмыш иши көзөмөл тартибинде кароо үчүн Жогорку Сотко жөнөтүлүүгө даярдалууда. Жогорку Соттун соттук коллегиясы бул кылмыш ишин карап бүткөндөн кийин өзүнүн юридикалык баасын берет.

Маалымат үчүн: Барчынай Темирова (айыпталуучу) Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп туруп, 2014-жылдын 16-апрелинде болжол менен саат 18:00дө ичиндеги баласы кыймылдабай жана ичи ооруп жаткандыгын айтып келген 6 айлык боюнда бар М.Жумалиеваны кабыл алган. Анын ичиндеги баласы каза болгондугун аныктап, бирок ал өзүнүн кызматтык милдетин талапка ылайык аткарбай, жабырлануучуну аман алып калууга бардык чараларды көрбөгөндүгүнүн натыйжасында 2014-жылдын 17-апрелинде таңкы саат 06:35 чамасында М.Жумалиева каза болгон.

Бул факт боюнча тергөө органдары тарабынан Б.Темировага кылмыш иши козголгон. Айыпталуучуга карата кылмыш иши сотко окуя болгон күндөн туура бир жыл өткөндө, 2015-жылдын 16-апрелинде келип түшкөн. Ал эми сот отуруму 2015-жылдын 20-апрелине дайындалган. 

Ушул жылдын 15-майындагы Нарын шаардык сотунун бул кылмыш иш боюнча соттук отурумунда айыпталуучу Б.Темирова кылмыштын эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жоопкерчиликтен бошотууну суранган. Сотто прокурор Т.Мааткеримов бул өтүнүчкө каршы эместигин билдирип, бирок мөөнөттөрдү текшерүүнү айткан. Шаардык соттун токтому менен айыпталуучу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, эскирүү мөөнөтү өткөндүктөн жазык иши кыскартылган.

Ал эми Нарын облустук сотунун 23-июндагы аныктамасы менен жогоруда аталган Б.Темирова жөнүндөгү Нарын шаардык сотунун 2015-жылдын 15-майындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле Темирова Б.Э. күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза жоопкерчилигинен бошотулган.

Иштин жагдайларына караганда, Б.Темирова М.Жумалиеванын каза болуп калуу коркунучу бар экенин баамдап туруп, бирок анын өмүрүн сактап калууга тийиштүү чараларды көргөн эмес.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде медициналык кызматкер өзүнүн кесиптик милдетин аткарбагандыгы жабырлануучунун өлүмүнө алып келгендиги каралган. Бул берененин санкциясында 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө, же болбосо 3 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.






Нарындагы төрөтканада 2014-жылы 6 айлык боюнда бар аял каза болгон

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(22)
Медиа-портал
08.07.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп алып журогум сыгылып кетти.
Медиа-портал
08.07.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур.видео уну менен жазылганда жакшы болмок экен
Медиа-портал
08.07.2015. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш ииий
Медиа-портал
08.07.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге алдын алып карабайт аялды биринчи эле келгенде тушунбойсун врачтаргада энди ажал екенда жаткаан жери жайлуу болсун.
08.07.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул видео эмне жонундо тартылгын?
08.07.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да коруп алып журогум ооруп кетти.Келгенде эле жакшылап карашса,операция жасашканда кыз аман калмак,ичиндеги баласы олуу болсо да.
08.07.2015. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан уят билбесенер не журосунор адам олтуруп
08.07.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чоо жайын билбей туруп бироону куноологондон алыс бололучу...
08.07.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен торогондо врачтар соонун эле карашкан акча бердиртпей эле
Медиа-портал
08.07.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш келин коруп журогун ооруйтго.
08.07.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан окунучтуу.явно эле карабай коюптур,кудай озу жазалайт буларды.Миргул жанын жанната болсун!
Медиа-портал
09.07.2015. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш ордунда жата албай кыйналып жаткан екен еле. Билбейм врачтар карап еле жатыштыго
09.07.2015. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеч болгондо,он чактысы топтолбой,ооруп келгенде эле ошол он чактысы чара корушсо болмок.абдан окунучтуу.Аллахым бейиштен орун насип этсин.
09.07.2015. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай ыйлагым келди.журогум ооруду.врачтар мынчалык кайдыгер карашты.тырманыып журот го уйундо жургондой.байкуш аялдын жаны ооруп жатса..врачтардын кайдыгерлигинен каза болду деп ойлойм.азыр заманда оорубай врачтарга тушпой турган заман болду го.айыктырбай эле хуже кылышат го.баары эмес.бирок мындайлар коп эле..заманан куруп кетет экен.
Медиа-портал
09.07.2015. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торосо торосун торобосо койсун деп шашышкан жокта башында.Биринчи келгенде эле кичине болсода аракет кылышканда ал аял коз жумбайт беле.Мейли жаткан жери жанатта болсо болгону
09.07.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз аябай кыйналыптыр,жайы жайлуу болсун!Ичиндеги баласы олуу болсо,неге доктурлар кесип эле алып салышпайт,озу чыгат деп кутуп турушат,тушуно албадым!Бойго буткондон баштап,доктурдун козомолундо болгулачы айланайын келиндер жана аялдар!Тороттун айынан канчалаган аялдар коз жумду!
09.07.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акмактар ушундай врачтар эмнеге иштеп журот деймда,туштон кийин кеч болгондо аракет кылып калышкандарын булардын.Ошол келиндин ордунда оздорунун кызы болсо тируу алып калышмак олуп талып.
Медиа-портал
18.10.2015. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш гана аял... эне болуп деп бактылуу болуп, баласын кутуп журсо, каза болуп калды. Акча бербей койду дешип карабай коюшту да как обычно врачтар. 3сааттан ашык кыйналды. Ошо эрте эле капельница коюшуп карап коюшса деле болушат эле го. Её смерть на их совести.
Медиа-портал
28.11.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун мынчалык таш боор,болушпаса бул месестралар!Точно врачы олгондон кийин келди тоба кылдыым.Аламды ушунча да кыйналгы чеин карап турушабы Аллахым ээ озу булар билимду адамдар бекен.Уборканы эшикти жапканды,колдоруну кайра кайра жууганды жуда жакшы билишет экенго ухх жаным чыгып жатат!!!Барын сотко бериш керек Эч кандай жардам корсотпой убактыда карашпагандары учун!!!
Медиа-портал
29.11.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э ушу мен силерге тангаламда, даагы деле врачтарды куноолойсунор. Козунорду чон ачып карагыла врачтар болгон аракетин жазашты. Отуруп алып ойго келгенди жазып не кереги бар?!?! а келиндин жайы жаннатта болсун..
Медиа-портал
29.11.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш келин жанына бироону алып алса болмок, жолдошу кайда журот? алар сурап турса врачтар аз болсо да коркушмак да.Азыркы врачтардын бети жок,акча бермейин эч нерсе кылышпайт, жубайым экообуздун башыбыздан откон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: