super.kg logo

Ош облусу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 92 социалдык объект курулууда

 

Ош облусу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 92 социалдык объект курулууда. Алардын жалпы долбоордук баасы 3,8 миллиард сомду, ал эми тендердик баасы 2,3 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу 8-июлда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кээ бир имараттарды куруу иштери көп жылдан бери уланып келаткан болсо, кээ бири жаңыдан башталган. Курулуш иштери башталгандан тарта жалпысынан республикалык бюджеттен объектилердин курулушун  каржылоо 938,9 миллион сомго аткарылды, анын ичинен 2015-жылы 130 миллион сом бөлүндү.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматтары боюнча, Ош облусунда республикалык бюджеттин эсебинен 92 социалдык объект, анын ичинен 55 мектеп, 9 балдар бакчасы, 14 спортзал, 10 саламаттыкты сактоого караштуу жана 4 башка объект курулууда.

Маалымат үчүн: Капиталдык салымдар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү долбоорлордун сметалык каржылоосун өз ичине камтыган өнүктүрүү бюджетиндеги берене, мамлекеттик приоритеттүү социалдык-экономикалык мааниге ээ объекттерди өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: